Башкы прокурор: Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандарын сөзсүз текшеребиз

Башкы прокурор: Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандарын сөзсүз текшеребиз

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Таласка байланыштуу билдирүүсүнө юридикалык баа берилет. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында Бейшеналиев эмне үчүн жоопко тартылбай жатат деген суроого жооп берип жатып билдирди.

«Жөнөкөй жаран минтип айтса, эчак эле жазасын алмак, бул министр болгондон кийин буга көз жумуп жатасыңар. Мисалы, сиз Ураимовду бир эле билдирүү үчүн камадыңыз», — деди журналист.

Башкы прокурор министрдин үстүнөн арыз жазууну суранып, анын сөздөрүн текшерүүгө убада берди.

«Кызматына карабай ар ким өз сөзүнө жооп бериши керек. Министр анын сөздөрү контексттен алынып, элге туура эмес жеткирилгенин айтты. Ошондой эле, ал буга чейин кечирим сураганын билебиз. Бирок кандай болгон күндө да экспертиза жүргүзүп, анан баа бериш керек», — дейт Курманкул Зулушев.

Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурады

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>