Кыргызстанда аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери үчүн кенемте төлөтүү сунушталуудаАКШ Ирандагы объекттерге сокку урду — Тегеран жооп кайтардыАдылбек Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу аземине катыштыКРСУ жана КФС студенттик футболду өнүктүрүшөтКырсыктан кийин Фергана каналында айдоочуну 100дөн ашык адам издеп жататИшкерлерди текшерүүлөрдү прокуратурада каттоону сунушташууда
Башкы прокурорлукка Максат Асаналиев көрсөтүлдү
05.06.2024 | 09:41
Кыргызстандын башкы прокурору кызматына Ош облусунун прокурору Максат Асаналиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул маалыматты Reporter.kg’ге президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв ырастады.
Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталды.
Президенттик администрация ички документтин интернетте таркашы боюнча териштирүү жүргүзөт.
Белгилей кетсек, журналист Болот Темиров Максат Асаналиевдин талапкерлиги парламентке сунушталганы боюнча чечимди жарыялаган.
Талапкер 46 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң районунан болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат