Кыргызстанда электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди

10.07.2026 | 12:45
Электронные деньги в Кыргызстане разрешили передавать по наследству — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров электрондук капчыктарда жана башка электрондук алып жүрүүчүлөрдө сакталган электрондук акчаларды мураска калтырууга мүмкүндүк берген мыйзамга кол койду.

Документке ылайык, ээси каза болгондон кийин электрондук акчага болгон укук мурастын курамына киргизилет. Нотариустун же мураскорлордун суроо-талабы боюнча электрондук акчанын эмитенти маркумдун электрондук капчыгы боюнча чыгаша операцияларын токтотууга милдеттүү.

Мураскорлор мураска болгон укугун тастыктаган документтерди көрсөткөндөн кийин электрондук акчанын бар экендиги жана анын өлчөмү, ошондой эле электрондук капчыктын реквизиттери тууралуу маалымат ала алышат.

Мурас жол-жоболоштурулгандан кийин эмитент мураскорлорго тиешелүү сумманы төлөп берүүгө же каражаттарды алардын эсебине которууга милдеттүү.

Мындан тышкары, мыйзам банктар нотариустарга жана мураскорлорго бере турган маалыматтардын тизмесин кеңейтет. Эми алар аманаттардан (вклад) тышкары, электрондук акчалар, сейф ячейкалары, металл эсептери жана башка жарандык укуктардын объекттери тууралуу маалымат ала алышат.

Президенттин администрациясынан белгилешкендей, бул мыйзам укуктук боштукту жоёт, анткени буга чейин мыйзамдарда электрондук акчаны мурастоонун атайын тартиби каралган эмес. Документ расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top