Эксклюзив

Пакистан азырынча Кыргызстан үчүн океанга чыгуучу терезе боло албайт — Станислав Притчин

09.07.2026 | 14:47
Пакистан азырынча Кыргызстан үчүн океанга чыгуучу терезе боло албайт — Станислав Притчин — Новости Кыргызстана

Пакистан азырынча Кыргызстан үчүн Индия океанынын портторуна ишенимдүү чыгуучу жол боло албайт. Reporter.kg сайтынын «Пакистан Кыргызстан үчүн Индия океанынын портторуна “терезе” боло алабы же буга мурдагыдай эле коопсуздук жана логистика көйгөйлөрү тоскоолдук кылабы?» деген суроосуна жооп берип жатып, Орусия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер улуттук изилдөө институтунун (ИМЭМО РАН) Борбордук Азия секторунун башчысы, «Евразиялык өнүгүү — ECED» эксперттик борборунун аткаруучу өнөктөшү Станислав Притчин ушундай пикирин билдирди.

Эскерте кетсек, 6-июлда Кыргызстанга Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари расмий сапар менен келген. Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнүн келечегин талкуулашты.

Притчиндин пикиринде, мезгил-мезгили менен куралдуу кагылышууларга айланып кеткен Пакистан менен «Талибан» өкмөтүнүн ортосундагы мамилелер негизги тоскоолдук бойдон калууда.

«Демек, азыркы кырдаалда Ооганстанды Пакистан менен байланыштыра турган жана Индия океанына чыгууну камсыздай турган кандайдыр бир маршрутту элестетүү өтө кыйын. Тажикстан аркылуу өткөн каттамды эсепке албаганда, Кыргызстандын Пакистан менен да, Ооганстан менен да түз чек арасы жок. Демек, мунун баары өтө төмөн деңгээлде турган жана мезгил-мезгили менен куралдуу конфликт стадиясына өтүп кеткен пакистан-ооган мамилелерине барып такалат», — деди ал.

Притчиндин пикиринде, дал ушул себептен мындай транспорттук долбоорлор азырынча теориялык гана деңгээлде калууда.

«Кытай аркылуу Кыргызстан Пакистан менен соода кылбайт — бул кымбат жана өтө көп убакытты талап кылат. Ал үчүн Гималай тоолорун айланып өтүү керек. Иран аркылуу өтүүчү каттам да өтө узун бойдон калууда», — деп белгиледи эксперт.
Scroll to Top