Казакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгодуМүлк салыгын онлайн кантип төлөө керек — кадамдык нускамаКыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшү уланат — Адылбек КасымалиевМалын алып, акчасын бербей качып жүргөн. Жумгалда жаран алдамчылыкка шектелүүдө«Достук көпүрөсү»: КРдин 700дөн ашуун окуучусу орус тилин фольклор аркылуу үйрөнүүдө
Кыргызстанда +43 градуска чейин аномалдуу ысык күтүлөт — Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары
14.07.2026 | 17:49

Кыргызстанда 14-июлдан 18-июлга чейин аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт. Айрым аймактарда абанын температурасы +43 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга организмдин ысып кетишинен, күн өтүүдөн жана жылуулук соккусунан сактануу үчүн сактык чараларын көрүүнү сунуштайт.
Министрлик аптаптуу күндөрү төмөнкү бир нече эрежелерди сактоону сунуштайт:
- Көлөкөдө жана салкын жерлерде болуңуз. Күндүн эң ысык учурунда — саат 11:00дөн 17:00гө чейин — мүмкүн болушунча сыртта көпкө калбоого жана оор физикалык күч келтирген жумуштардан качууга аракет кылыңыз.
- Жетиштүү өлчөмдө суу ичиңиз. Организмдин суусуздануусуна жол бербеңиз. Сууну аз-аздан, бирок тез-тез ичип туруңуз. Курамында канты бар жана кофеини бар суусундуктарды ичүүнү чектөө зарыл.
- Жеңил кийим кийиңиз. Табигый кездемелерден тигилген, кенен, абаны жакшы өткөргөн жана ачык түстөгү кийимдерди кийиңиз.
- Бөлмөнүн ичин салкын кармаңыз. Мүмкүн болсо кондиционер же вентилятор колдонуңуз. Күндүн ысык убагында терезелерди жабык кармаңыз.
- Аярлуу топтогу адамдарга кам көрүңүз. Кары-картаңдарга, кош бойлуу аялдарга, балдарга жана өнөкөт оорусу бар адамдарга өзгөчө көңүл буруңуз.
Жылуулук жана күн соккусунан кантип сактануу керектиги тууралуу кененирээк бул жерден билсеңиз болот.