Баткен: Аткезчилик менен күрүч алып өтүп бара жаткандар кармалды

Баткен: Аткезчилик менен күрүч алып өтүп бара жаткандар кармалды

Баткенде 6 тонна контрабандалык жол менен келе жаткан күрүч табылды. Бул туурасында Бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Кадамжай шаарында ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, «Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан КР жараны В.И.А. (баш тамгалары өзгөртүлгөн) башкаруусундагы Mercedes-Benz 1317 үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Бажылык текшерүү жүргүзүүдө унаанын жүк бөлүгүнөн Өзбекстан Республикасында өндүрүлгөн «Лазер» күрүчү табылган. Товарда бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган жүктүн жалпы салмагы 5800 кг.

Бул факт КБР АМС МЭЖда катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>