Садыр Жапаров Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугуштуМинистрлик сейрек кездешүүчү жана дары чөптөрдү жыйноого салынган тыюу тууралуу эскерттиИлон Маск тарыхтагы алгачкы триллионер болдуБишкекте Киев көчөсүндөгү кыймыл эки айга чектелетБишкек – Балыкчы поезди 13-14-июнда пляжга чейин барбайт10 жылдан кийин: Кыргызстан менен Грузия өкмөттөр аралык комиссиянын ишин кайра жандандырды
Баткен: чек арага жакын жерде ок атылып, кыргыз жараны жарадар болду
07.08.2020 | 08:52
6-август күнү саат 19:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Тажикстандын чек арасына жакын жерде белгисиз тараптан атылган октон жарадар болду. Маалыматты Баткен райондук администрациясы жергиликтүү маалымат каражаттарына тастыктаган.
Маалыматка караганда, ок тургундун желкесине жана жамбашына тийип, ал оруканага жеткирилген.
Кыргызстандын чек ара кызматы ушул эле күнү Баткен облусунун Эки-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылуу болгондугу тууралуу маалымат тараткан. Атылган октон кыргызстандык чек арачы колунан жаракат алган. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы канааттандырарлык экендиги айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар