Министрлик сейрек кездешүүчү жана дары чөптөрдү жыйноого салынган тыюу тууралуу эскертти

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарга жана ишкерлерге сейрек кездешүүчү жана баалуу жапайы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн колдонууга киргизилген мораторий тууралуу эскертти. Убактылуу чектөөлөр өлкөнүн уникалдуу өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо жана калыбына келтирүү максатында Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык киргизилген.
Тыюу салынган мезгил аралыгында аталган чийки затты жыйноого, даярдоого, ташууга, сатууга жана экспорттоого таптакыр жол берилбейт. Катуу чектөөлөргө аконит (уу коргошун), макротомия, арнебия, ясенец, афлатун пиязы, родиола (алтын тамыр), самаркан өлбөс чөбү сыяктуу дары-дармекке колдонулуучу, техникалык жана тамак-аштык өсүмдүк түрлөрү, ошондой эле линделофиянын бир нече сейрек кездешүүчү түрү илинди.
Убактылуу чектөөлөр 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот. Мекеменин тармактык инспекторлору жапайы өсүмдүктөрдү мыйзамсыз даярдоонун алдын алуу жана мыйзам бузуучуларды административдик жоопкерчиликке тартуу максатында республиканын бардык аймагында үзгүлтүксүз рейддерди өткөрүүнү улантууда.