Баткен: Ымыркайынын сөөгүн талаага таштай качкан эне изделүүдө

Баткен: Ымыркайынын сөөгүн талаага таштай качкан эне изделүүдө

16-март күнү саат 18.00 чамасында Кадамжай шаарынын 42жаштагы тургуну өзүнүн малдарын багып жүрүп, Кадамжай районунун Миң-Жылга сайынан бир сумка таап алып, ичин караганда жансыз ымыркайдын денеси бар экендигин билдирип, милицияга кабар берет. Бул туурасында Баткен облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү ыкчам-тергөө тобу сумкада жаткан эркек баланнын сөөгү ак материалга оролгондугу аныкталат. Ошондой эле ымыркай менен кошо сумканын ичинен MI Bаnd 4 кол сааты табылган.

Бул фактыны Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына каттап, жансыз денеге экспертиза дайындалды.

Азыркы күндө жаш ымыркайдын энесин жана аны талаага таштаган белгисиз адамдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

(Сүрөттү абайлап көрүңүз…)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>