Баткен: Жайлоого эс алууга барган жаран октон жаракат алып, каза болду

Баткен: Жайлоого эс алууга барган жаран октон жаракат алып, каза болду

Баткенде жайлоого эс алганы чыгып, октон жаракат алган жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-июль күнү саат 06:20 чамасында облустук биргелешкен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.К. денесинен алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калгандыгын милицияга билдирген.

Бул маалымат Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.

11-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын 26 жаштагы тургуну К.С. менен Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.К. Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Геревшин жайлоосуна эс алганы барышкан. Алар койчу Ак-Сай айылынын 35 жаштагы тургуну У.А.,нын убактылуу жашаган үйүнө барышып жайгашкан.

Эртеси 12-июль күнү болжол менен саат 14:30да үйдүн ээси 35 жаштагы У.А. үйүнүн ичинде өзүнүн ок атуучу куралын октоп жатып, кокусунан атылып кетип, сыртта эшиктин алдынан өтүп бараткан Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.Кга тийген.

Ошол эле замат 26 жаштагы К.С. менен үйдүн ээси 35 жаштагы У.А. жаракат алган К.К.нын жарааттарын байлап, Курбака участкасындагы аскер кызматкерлерине кайрылышкан. Ал жерде мединциналык жардам көрсөтүлүп, 13-июль күнү саат 03:30 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы Баткен-Исфана унаа жолуна жетип келишкен, ал эми ошол учурда  К.К. денесинен алган жаракатынан улам көз жумган. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>