Бишкекте «Борбор Азиянын чийим таштарына саякат» мультимедиялык көргөзмөсү ачылатЖогорку Соттун Пленуму беш маселе боюнча токтомдордун долбоорлорун кабыл алдыКыргызстанда ГМОну алып кирүүгө жана жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтүү сунушталуудаМаданият министринин биринчи орун басары болуп Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалдыКыргызстандын финансы сектору тогуз айда 37 миллиард сом пайда таптыБишкекте электробусту токтотууга аракет кылып жатып, айдоочу каза болду
Баткен жана Ошту калыбына келтирүүгө 46 млн сомдой жумшалат
10.10.2022 | 14:33
Баткен жана Ош шаарларындагы административдик имараттарды калыбына келтирүүгө 46,8 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каражат Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында жабыр тарткан жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык түзүлгөн мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт.
Маалым болгондой, 10-октябрга карата чек ара аймагындагы жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепте 277,3 миллион сом бар.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар