КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынында Кыргызстан менен Россия 2027-жылга карата планды бекитишти

15.10.2026 | 13:12
На заседании министров обороны СНГ Кыргызстан и Россия утвердили план на 2027 год — Новости Кыргызстана

15-октябрда Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү. Анын алкагында Кыргызстандын коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов менен Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов эки ведомствонун ортосундагы 2027-жылга карата аскердик кызматташтык планын бекитишти.

Эки тараптуу жолугушууда министрлер коргонуу тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты. Аскерлердин ыкчам жана күжүрмөн даярдыгына, аскердик билим берүүгө, аскер кызматкерлерин даярдоого жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле аскердик-техникалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Мукамбетов Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын чыңдоого көмөк көрсөткөнү жана кыргызстандык аскерлерди «Центр-2026» стратегиялык командалык-штабдык машыгууларына чакырганы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

Кеңештин жыйынына Азербайжандын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын коргоо министрлери, ошондой эле КМШнын Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Кеңештин жумушчу органдарынын ишинин жыйынтыктарын жана 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттарды карап чыгышты. Жыйындын негизги бөлүгүндө аскерлердин ыкчам жана күжүрмөн даярдыгын уюштуруу маселелери талкууланды.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абалы жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатуунун багыттары тууралуу Башкы штабдын начальниги — коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Тариэль Отонбаев баяндама жасады.

Ошондой эле катышуучулар Беларуста күжүрмөн даярдыкты пландаштыруу, Россияда «атайын аскердик операциянын» тажрыйбасын эске алуу менен күжүрмөн даярдыкты уюштуруу, Тажикстанда машыгууларды өткөрүү жана Казакстандын БУУнун тынчтык орнотуучу миссияларына катышуусу тууралуу баяндамаларды угушту.

Мындан тышкары, инженердик камсыздоодо учкучсуз системаларды жана роботтук комплекстерди колдонуу, чабуул коюуда жана коргонууда учкучсуз аппараттарды согуштук шарттарда пайдалануу тажрыйбасы өзүнчө талкууланды. Жыйындын соңунда армиялык спортту өнүктүрүү жана КМШ өлкөлөрүнүн армияларынын ортосунда аскердик-прикладдык спорт түрлөрү боюнча мелдештерди уюштуруу маселелери каралды.

Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылдагы иштин натыйжалары боюнча документтерге жана КМШнын Коргоо министрлер кеңешинин 2027-жылга карата иш планына кол коюлду.

Теги: КМШ
Scroll to Top