Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Баткенде 21,7 млн сомго жаңы унаа бекети салынат
07.08.2023 | 12:33
Баткен шаарында жаңы унаа бекет курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, унаа бекетин салууга 21 млн 784 миң сом каралган. Ал шаардын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашат.
Унаа бекети келишим түзүлгөндөн кийин 60 күн ичинде салынышы керек. Сынакка катышууну каалагандар 21-августка чейин арыздарды жөнөтө алат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз