Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Бишкектин борборунда ок атылды. Милицияга 5 адам жеткирилди (видео)
07.08.2023 | 13:05
Бишкекте түнкү клубдун жанында ок атылып, окуя боюнча милицияга 5 адам жеткирилди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 7-августта болжол менен саат 04:00до “102” кызматына Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ок атып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Ок атуу фактысына байланыштуу милицияга 28 жаштагы А.Р, С.А., 35 жаштагы Т.Ф., 40 жаштагы И.А. жана 38 жаштагы А.А. аттуу жарандар жеткирилген.
Милициядан белгилешкендей, учурда окуяга катышкандардын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн керектүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз