«Милицияга кабарласаң, атып салам». Ошто «каракчылар» кармалды

«Милицияга кабарласаң, атып салам». Ошто «каракчылар» кармалды

Оштун Чоң-Алай районунда май куюучу жайды карактоого аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-августка караган түнү белгисиз адамдар Чоң-Алай районундагы май куюучу жайга келип, каракчылык кылууга аракет кылган. Бул тууралуу милицияга май куюучу жайдын кызматкери кабарлаган.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери аныктагандай, каракчылыкка келген беткапчан эки кылмышкер май куюучу жайга айнектерин тапанча менен сындырып кирген. Андан кийин ал жерде оператор болуп иштеген жаранды «милицияга кабар берсең, атып салам» деп коркуткан. Алар кассадагы акчаны алууга аракет кылганда, май куюучу жайдын кызматкери «102» кызматына телефон чалган. Ошол учурда кылмышкерлер изин жашырып, качып кетишкен.

Учурда милиция бул ишке шектүү катары Чоң-Алай районунун 21 жаштагы Т.З. уулу жана 18 жаштагы Т.П. аттуу тургундарын кармады.

«Алардын жанынан калибри 4,5 мм болгон пневматикалык тапанча, медициналык бепкаптар далил буюм катары алынды», — деп билдиришти милициядан.

Азыркы тапта аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>