«Бийликти басып алууга ачык чакырыктарды тараткан»: УКМК Threads’тин колдонуучусун кармады«Абдан көп чоң бурулуштар»: Дастан Бекешев Кыргызстандын тышкы саясатын баалады21-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуЖалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыялады
Баткенде бажы кызматкери пара менен кармалды – видео
27.01.2021 | 18:58
Баткен облусундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө пунктунун нөөмөт башчысы кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, пара талап кылып жаткандыгын айтып аталган кызматкердин үстүнөн арыз менен жеке ишкер даттанган.
26-январда ыкчам операция жүргүзүлүп, “Кызыл-Бел” өткөрмө пунктунун нөөмөт башчысы М.Т. пара алып жаткан жеринен кармалган.
Мындан тышкары, кармалган адамдын унаасын тинтүү учурунда, 100 миң сом табылып, аны кайдан алганын түшүндүрүп бере алган эмес.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 326-берененин (пара талап кылуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар