«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Баткенде блогер милиция кызматкерлерине унаа белек кылды
16.06.2022 | 14:07
Блогер Гүлдесте Калматова Баткен районунун Айдаркен айылындагы милиция бөлүмүнө “ВАЗ2107” үлгүсүндөгү унаа белек кылганын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Калматова Айдаркен айылынын тургуну, “DESTE Official” каналынын ээси.
Блогер унааны кызматкерлерге тапшырып жатып, милиция кызматкерлеринин айылдагы коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү эффективдүү жана жоопкерчиликтүү иштерин белгиледи.
Өз кезегинде Кадамжай РИИБдин жетекчилиги блогерге ыраазычылык катын тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом