Катуу сабалган Айзаттын күйөөсү камакта калтырылды

Катуу сабалган Айзаттын күйөөсү камакта калтырылды

Каракол шаарында аялын ур-токмокко алгандыгы үчүн кармалган 29 жаштагы жаран дагы бир айга камакта калтырылды. Бул тууралуу жактоочу Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу Айзат Үсөнбаеванын жолдошу СИЗО-3 мекемесинде 17-июлга чейин калтырылды.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүш иштери ооруканадан түшкөн маалымат боюнча жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Кийинчерээк зомбулукка кабылган Айзат Үсөнбаевага күйөөсүнүн бир тууганы тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы маалымдалган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Каракол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>