КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Эксклюзив
Баткенде Чек ара, Бажы жана ветеринария кызматтарынын кызматкерлери кармалды – булактар
06.07.2026 | 15:42

Эки көзөмөл-өткөрүү пунктундагы атайын операциядан кийин чек ара, бажы жана ветеринария кызматтарынын 20дан ашык кызматкери УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына жеткирилди. Бул маалыматты Reporter.kg сайтына күч түзүмдөрүндөгү булактар тастыктады.
Алардын маалыматына караганда, 5-июль күнү кечинде УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгынын «Альфа» атайын багыттагы бөлүгүнүн кызматкерлери «Кадамжай» жана «Чечме» көзөмөл-өткөрүү пункттарында (КӨП) атайын операция жүргүзүшкөн.
Такталгандай, «Кадамжай» КӨПүндөгү атайын операция учурунда ок атылган. Булактар прапорщик төрт жолу ок чыгарганын, ал эми сержант асманга бир жолу эскертүү иретинде ок атканын айтышууда. Ошондой эле, алдын ала маалыматтар боюнча, тинтүү иштеринин жүрүшүндө чек ара жана бажы кызматтарынын кызматкерлеринен акча каражаттары табылган.
Жалпысынан УКМКнын Баткен облустук башкармалыгына 27 кызматкер жеткирилген. Тергөө амалдары жүрүп жаткан убакта эки өткөрмө пунктунун тең иши токтотулуп, кийинчерээк кайра жандандырылган.
Анара Мамытова