Баткен облусунун Лейлек районунда чек ара кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, УКМКнын Чек ара кызматындагы «Максат» чек ара отрядынын кызматкери С.Т.С Тажикстанга ири мүйүздүү малды мыйзамсыз ташыган контрабандачылардан аларды калкалагандыгы үчүн ай сайын туруктуу түрдө пара алып жүргөнү аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 1-майда аталган кызматкер 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул сумма чек арачынын бир айлык «кызмат көрсөтүүсү» үчүн болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин (пара алуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган чек арачы С.Т.С. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.