ЖК депутаты Казакстандагы Курултай депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүдө

24.08.2026 | 16:08
ЖК депутаты Казакстандагы Курултай депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүдө — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираилов 19-августтан 25-августка чейин Казакстандагы Курултай депутаттарын шайлоого ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Исираилов башка эл аралык байкоочулар менен бирге шайлоонун уюштурулушу, шайлоо мыйзамдарынын сакталышы жана шайлоочулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышууда.

Миссиянын алкагында байкоочулар Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Атап айтканда, «Ауыл», «Ак жол», Казакстандын Элдик партиясы, «Байтак» жашылдар партиясы, ошондой эле «Республика» жана «Адилет» партияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү.

Добуш берүү күнү ТүркПАнын өкүлдөрү шайлоо тилкелерине барып, алардын ачылышына, добуш берүү процессине жана добуштарды саноо жол-жобосуна байкоо жүргүзүштү.

Исираиловдун айтымында, мындай миссиялар түрк мамлекеттеринин парламенттерине шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашууга жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.

Scroll to Top