Баткенде дагы сел жүрдү

Баткенде дагы сел жүрдү

Кечээ, 14-июль күнү саат 18:15тер чамасында тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен сел келип, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт, Өрүкзар участкаларында 10, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында 3-4 үйдүн короосуна сел суулары кирген.Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жеринде КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Баткен райондук ӨКБнөн 18 жана №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 7 куткаруучу сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми Кадамжай районунун Чаувай айылында 6 огород участкасына, 2 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирип, Кадамжай райондук ӨКБнөн ыкчам топ, Үч-Коргон айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Лейлек районунда саат 21:30дар чамасында нөшөрлүү жаандан улам Бешкент айылында 7 турак үйдүн ичине, 1 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирип, 200 метр ички чарбалык арыкты кум шагылга толтурган. Мындан улам

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>