Күн ачык болот: 9-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди
Баткенде мыйзамсыз дары-дармек ташып бараткан жаран кармалды
31.05.2022 | 13:55
УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында контрабандалык ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында тиешелүү документтери жок, дары-дармектер салынган автоунаа кармалды.
УКМКнын маалыматына караганда, 20-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Күнгөй жергесинде Кыргызстандын Т.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Хундай Портер” үлгүсүндөгү унаасын кармашкан.
Унааны текшерүү учурунда жүк ташуу документтери жок 180 даана дары-дармектер – амоксиклав табылган.
Бул факты боюнча атайын кызмат тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом