«Ошол эле жерден куткарууга туура келет»: ветеринар көк бөрүдөгү аттардын жаракаттары тууралуу

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы ветеринары Айбек Абдыманапов Reporter.kg сайтына кызматтык милдетин аткаруу учурунда кездешкен аттардын оор жаракаттары тууралуу айтып берди.
Адистин айтымында, анын ишинин географиясы Кыргызстандын бардык жети облусун, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Орусияны камтыйт. Көпчүлүк учурда татаал медициналык аракеттерди ошол эле жерде жасап, аттарды түз эле талаа шартында аман алып калууга туура келет.
Ветеринар эң көп кездешкен жаракаттардын катарында оюн талаасындагы кармаш учурунда алган буттун сыныктарын, муундардын чыгып кетишин, тарамыштардын үзүлүшүн жана айрылып калган терең жарааттарды бөлүп көрсөттү.
Оор урологиялык жаракаттар да кездешет. Мелдеш учурунда ат атаандаштын атынын туягынан катуу сокку алып, натыйжада жыныстык органы сыртка чыгып калышы мүмкүн. Абдыманаповдун айтымында, ал мындай жаракаттарды да ийгиликтүү дарылай алган.
Ветеринар өз тажрыйбасындагы эң татаал операциялардын катарына бээге жасалган кесарево операциясын кошот. Анда жаныбарды аман алып калууга мүмкүн болуп, дени сак кулун жарык дүйнөгө келген.
Ошол эле учурда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер башталгандан бери аттарга байланыштуу олуттуу кырсыктар азырынча каттала элек.