ЖККУнун штаб башчысы быйылкы машыгуулар кайсы жерлерде өтөөрүн айтып берди

04.09.2026 | 13:16
ЖККУнун штаб башчысы быйылкы машыгуулар кайсы жерлерде өтөөрүн айтып берди — Новости Кыргызстана

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) 2026-жылы өтүүчү биргелешкен машыгууларына 5 миңден ашык аскер кызматкери жана миңден ашык курал-жарак, аскердик жана атайын техника тартылат. Бул тууралуу ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков машыгууларды өткөрүүгө уюмдун күчтөрүнүн даярдыгы боюнча өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен, быйыл негизги басым жамааттык коопсуздуктун Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймактарына жасалды.

Өлчөмү, катышуучулардын курамы жана чечиле турган милдеттери боюнча эң ириси — Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөр менен өтүүчү «Өз ара аракеттенүү-2026» (Взаимодействие-2026) командалык-штабдык машыгуусу болмокчу. Ал сентябрь айынын аягында Россиянын Борбордук аскер округунун полигонунда өтөт.

«Өз ара аракеттенүү-2026» машыгуусунун алдында ошол эле жерде чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен «Издөө-2026» (Поиск-2026) жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча «Эшелон-2026» атайын машыгуулары өткөрүлөт.

Сентябрдын экинчи декадасында Казакстандагы «Көктал» полигонунда Борбор Азия чөлкөмүнүн Ыкчам жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрү менен биргелешкен «Чек ара-2026» (Рубеж-2026) машыгуусу өтөт.

Бириккен штабдын маалыматы боюнча, анын максаты Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам жана күжүрмөн даярдыгынын негизги иш-чарасы болгон «Чечкиндүү сокку-2026» (Решительный отпор-2026) стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу менен тыгыз байланыштуу.

Дагы эки машыгуу октябрь айында Беларуста пландаштырылган. Айдын ортосунда «Лосвидо» полигонунда ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен «Булжылгыс боордоштук-2026» (Нерушимое братство-2026) командалык-штабдык машыгуусу болот.

Ошол эле учурда «Стародорожский» полигонунда ЖККУнун радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу жана медициналык камсыздоо биргелешкен түзүмдөрү менен «Тоскоолдук-2026» (Барьер-2026) атайын машыгуусу өтөт. Анын катышуучулары биологиялык коркунучтарды жоюу боюнча тапшырмаларды аткарышат.

Машыгууларга улуттук контингенттер аскердик-транспорттук авиация, темир жол жана автоунаа транспорту менен жеткирилет.

Сердюков башкаруу органдары, жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрү жана каражаттары биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Scroll to Top