Садыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары, ошондой эле активи менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров аймактын экономикалык көрсөткүчтөрү, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана социалдык, инфратүзүмдүк маселелерди чечүү пландары тууралуу айтып берди.
Алсак, Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттеринин өздүк кирешелери 2020-жылдагы 905 млн сомдон 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 1 млрд 683 млн сомго чейин өскөн.
Ушул эле мезгилде аймак республикалык бюджеттен кошумча 4 млрд 517 млн сом алган. Жергиликтүү бюджеттерге жана облусту өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын жалпы көлөмү болжол менен 6,2 млрд сомду түздү.

«Биздин башкы максатыбыз — аймактардын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга гана көз каранды болушуна жол бербөө, жеринде өндүрүштү, ишкердикти, сооданы, айыл чарбасын жана тейлөө тармагын өнүктүрүү аркылуу алардын өздүк кирешесин көбөйтүү», — деди Жапаров.
Президент ошондой эле Баткен облусунун дүң аймактык продукциясы 2021-жылы 27,08 млрд сомду түзсө, 2027-жылга карата болжол менен 67,53 млрд сомго жетерин билдирди.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 3,9 млрд сомдон 2025-жылы 8,3 млрд сомго чейин өскөн.
«100 өнөр жай ишканасы» долбоорунун алкагында облуста 2024-жылы 11, ал эми 2025-жылы 13 ишкана ачылган. Быйыл дагы жети өндүрүш объектисин ишке киргизүү мерчемделүүдө.
Жапаров өзгөчө макамы бар Баткен облусунун айрым чек арага жакын аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлер ай сайын пенсиясына 2 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм аларын эске салды.
Учурда бул төлөмдү Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун жана Сүлүктү шаарынын 23 760 пенсионери алууда. 1-октябрдан тарта пенсиялар көтөрүлгөндөн кийин алардын орточо өлчөмү 12 366 сомду түздү.

Мындан тышкары, бийик тоолуу, шарты оор жана айрым чек арага чектеш калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү жана андан кийинки ар бир баласына үч жашка толгонго чейин 3 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул каралган.
1-сентябрдан тарта Баткен облусунда мындай төлөмдөрдү 9 481 адам ала баштады. Бул максатта ай сайын 28,8 млн сом бөлүнүп жатат. Дагы 18 миң 815 адам «Бала ырысы» жөлөкпулун алууда, аны төлөөгө ай сайын 24,6 млн сом багытталат.
Президент Баткен облусунун Ак-Татыр айыл аймагында 50 орундуу оорукананын, Баткен шаарында 75 орундуу балдар ооруканасынын жана перинаталдык борбордун курулушу уланып жатканын кабарлады.
Айылдарда фельдшердик-акушердик пункттар да курулуп, оңдолууда. Быйыл облустун медициналык мекемелерине 11 автоунаа, анын ичинде бир адистештирилген машина бөлүнгөн.
Билим берүү тармагы тууралуу сөз кылып жатып, Жапаров аймактардагы мектептерге байланыштуу чечилбеген маселелерди 2028-жылга чейин бүтүрүү пландалып жатканын айтты.
Облуста Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 4 миң 116 батирге эсептелген турак жай комплекстеринин курулушу да жүрүп жатат.
Мамлекет башчысынын айтымында, 38 социалдык жана өндүрүштүк объектинин ичинен 30унда курулуш жана капиталдык оңдоо иштери аяктады. Калган сегизин жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Жапаров Сүлүктү шаарында эскирген ичүүчү суу түтүктөрүн реконструкциялоо жана зарыл болгон тилкелерге кошумча суу түтүгүн тартуу мерчемделгенин айтты.
Ошондой эле узундугу 15 чакырымды түзгөн альтернативдик жолдун курулушу каралууда. Долбоор изилденип чыккандан кийин адистер каржылоо булактарын аныкташат.

Мындан тышкары, долбоордук-сметалык документтери даярдалгандан кийин республикалык бюджеттин эсебинен Сүлүктүдө поликлиниканын курулушун баштоо мерчемделүүдө.
Лейлек районунда сел жүрүү коркунучу бар аймактарда коргоочу дамбаларды куруу каралган. Жумуштар тиешелүү документтер даярдалгандан кийин башталат.
Айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында каналдарды тазалоо жана скважиналарды бургулоо пландалууда.
Президент ошондой эле жер көчкү коркунучу бар үйлөрдүн жашоочуларын көчүрүү үчүн Кароол-Кыштак жана Майтонбоз тилкелеринен жер тилкелерин бөлүп берүү маселеси каралып жатканын билдирди.
Садыр Жапаров мамлекеттик чек ара маселелерине да өзүнчө токтолду. Анын айтымында, демаркация иштери аяктады, бирок чек ара жаңжалдарынын кесепеттерине байланыштуу чечилбеген маселелер калууда.
Атап айтканда, чек ара тосмолорун орнотууда жабыркаган үйлөр менен объекттерге компенсация төлөп берүү, ошондой эле чек араны тактоо учурунда коңшу мамлекет өткөрүп берген үйлөрдү бөлүштүрүү маселеси бар.

Бул маселелер Министрлер кабинетинин төрагасынын жетекчилиги астындагы комиссиянын кароосуна өткөрүлүп берилет.
Президент ошондой эле Баткен облусунун туристтик потенциалына көңүл буруп, жергиликтүү кол өнөрчүлүк жана маданий салттардын негизинде аймактын жеке брендин өнүктүрүүнү сунуштады.
Анын айтымында, облуста 32 тарыхый-маданий мурас объектиси бар. Алардын айрымдарында археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Келечекте тарыхый эстеликтерге баруучу жолдорду жана инфратүзүмдү жакшыртуу мерчемделген.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон кала берерин баса белгиледи.
«Ар бир жасалып жаткан аракет жана аткарылган иштер аймактарды алдыга жылдырууга багытталган. Элибизде ынтымак болуп, ар бир мекемеде мекенчил жаштар жана тажрыйбалуу адистер иштесе, алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз», — деп жыйынтыктады президент.