Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Баткенде электр жарыгы толук калыбына келди
28.01.2022 | 13:52
Баткенде бардык электр чубалгылар калыбына келтирилди. Бул туурасында Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, айыл тургундары толугу менен электр жарыгы менен камсыздалды. Орто-Боз көмөк чордону ишке кирди.
«Ош Электр» ишканасынын басма сөз кызматы чек арадагы кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук жана Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калганын билдирген. Баткен райондук электр тармактарына караштуу Самаркандек көмөкчү чордонундагы Орто-Боз аба чубалгысы үзүлүп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар