Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Баткендеги милициянын инспектору 80 миң сом маяна алат, – Жапаров
04.01.2024 | 09:25
Ички иштер министрлигинин кызматтык унааларын тапшыруу аземинде министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасы бир топ көтөрүлгөндүгүн айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаровдун айтымында, 2019-жылы милициянын катардагы инспектору 24 миң сом алса, азыр 45 миң сом алат.
«Ошол эле учурда Баткенде кызмат өтөгөн милициянын кызматкерлери 2019-жылы 24 миң сом алса, азыр 80 миң сом алат, дароо 50 миң сомго көбөйттүк», – деди министрлер кабинетинин башчысы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар