Ташиев 28 жыл документи жок жүргөн жаранга паспорт тапшырды

Ташиев 28 жыл документи жок жүргөн жаранга паспорт тапшырды

Бүгүн, 3-январда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну Жээнбек Султановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жээнбек Султанов 2023-жылдын август айында ЖМК аркылуу Камчыбек Ташиевге кайрылган болчу. Султанов өз кайрылуусунда, анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирген жана ага жардам берүүнү суранган.

28 жаштагы жарандын ушул күнгө чейин эч кандай документтери болгон эмес. Анткени, Жээнбек Султанов 1995-жылы Ноокен районунун Сакалды айылында үй шартында төрөлгөн жана ага ушул күнгө чейин өздүгүн тактоочу документ ыйгарылган эмес. Мектепте билим алууга да мүмкүн болгон эмес.

Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Жээнбек Султановдун паспорту жок болгондугуна байланыштуу, балдары жубайынын атына катталып турган. Жубайы жалгыз бой эне катары эсептелип келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>