Баткенде милиция улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алышууда

Баткенде милиция улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алышууда

Милиция кызматкерлери Баткендин чек арага чектеш аймактарында улуттар аралык чыр-чатактардын келип чыгуусун алдын алууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Таш-Тумшук айылдарындагы жергиликтүү тургундар менен Баткен милициясы жолугушууда өз алдынча чагымчылдыкка алдырбай, ар бир орун алган учур боюнча милицияга кайрылуусу, WhatsApp тайпаларында таркаган маалыматтардын чын-төгүнүн  текшерүүнү, уруксаты бар ок атуучу куралды мыйзамдын чегинде сактоону, чыр-чатакка өз алдынча жол бербей милиция кызматкерлерине ыкчам кайрылуусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга уурулуктун алдын алуу максатында чек арага жакын жерлерде мал жандыктарын кароосуз калтырбоону жана мал сарайларына кулпу салуусу боюнча эскертүүлөрдү берди. Аталган аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери коопсуздукту сактоо максатында жөө кайгуулдарды уюштурган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>