Катализатору жок унааларга 20 миң сомдон айып пул салуу сунушталууда

Катализатору жок унааларга 20 миң сомдон айып пул салуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү боюнча жаңы долбоорун 16-декабрда коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзам долбоорунда катализатору жок унааларды пайдаланган айдоочуларды жазалоо сунушталууда:

— Алгачкы мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо, каттоо маалыматтарын өзгөртүүдө, автотранспорт каражаттарын каттоодон чыгарууда, катализаторлор жок болгондо: жеке адамдарга 200 эсептик көрсөткүчтүн (20 миң сом), юридикалык жактарга — 650 эсептик көрсөткүчтүн (65 миң сом) өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Демилгечи Кыргызстанда айлана-чөйрөнү булгаган негизги булак автомобиль транспорту экенин белгиледи.

ИИМдин Унаа кызматынын маалыматына таянып, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 1 миллион 103 миң 445 унаа катталган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январынан сентябрына чейин Кыргызстанга 25,3 миң автоунаа ташылып келинген. Демилгечинин айтымында, 2022-жылы Кыргызстанга рекорддук сандагы унаалар киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>