Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Баткенде Өзбекстандын 4 жараны бараткан унаа жарылып кетти
07.12.2022 | 09:57
Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка камраганда, 6-декабрь күнү саат 10:00 чамасында Өзбекстандын жараны “Дэу Лачетти” үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох унаа жолунун 16-чакырымында, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.
Жарылган унаада жалпысынан Өзбекстандын 4 жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес.
Бул факты Кадамжай районунун РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом