Баткенде жабыркаган ишкерлердин 15 млн сом насыясын жоюу каралууда

Баткенде жабыркаган ишкерлердин 15 млн сом насыясын жоюу каралууда

Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айсара Абдибаева белгилегендей, мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык мурда бөлүнгөн 15 млн сом суммасындагы бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров карыздарын кечүү сунушталып жаткан ишкерлер кайсы багыттарда адистешкенин, аларга көрсөтүлүп жаткан жардам даректүүбү деп кызыкты. Буга финансы министринин орун басары Улугбек Календеров чек арадагы жаңжалда жабыркаган 75 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредитти кечүү сунушталганын маалымдап, аталган ишкерлер соода, коомдук тамактануу жана башка чакан ишканаларда иштегенин кошумчалады.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков 15 млн жабыркаган ишкерлерге олуттуу колдоо көрсөтүү үчүн өтө аз сумма экенин айтып, бул долбоорго кирбей калган ишкерлердин арыздарын карап чыгууну өтүндү. Министрдин орун басары буга макул болуп, бул карызды жоюу гана экенин, мындан тышкары ишкерлерди колдоо боюнча дагы башка программалар иштелип жатканын кошумчалады.

Андан тышкары депутаттар Улугбек Ормонов, Марат Мураталиев бөлүнгөн каражаттарды өз мезгилинде өздөштүрбөгөндүгү үчүн жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрүп, бул чөң көйгөйгө айланып баратканын жүйө келтиришти.

Эл өкүлү Исхак Масалиев бул маселе боюнча мыйзам демилгелөөнүн максатка ылайыктуулугуна көңүл буруп, аны министрлер кабинети өз токтому менен чече аларын белгиледи. У.Календеров, Бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык, бюджеттик кредиттерди эсептен чыгарууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле депутат Надира Нарматова жабыркаган ишкерлердин арасында аларды тандап алуу тартиби боюнча нааразычылыктар бар экенин белгилеп, теңсиздикти жоюу жана бизнесмендердин материалдык-техникалык жоготууларын эске алуу менен критерийлерди кайра карап чыгууну сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>