Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Баткенде жаңы чек ара посту ачылды
28.05.2026 | 15:20

Баткен районунун Согмент айылында Чек ара кызматынын «Согмент» чек ара посту ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, постто кызмат өтөө үчүн шарттар каралып, казарма курулган. «Согмент» постунун кызматкерлери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 12 чакырымдан ашык бөлүгүн кайтарат.
Бул объект мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо жана чек ара аймактарында туруктуулукту камсыз кылуу максатында ишке киргизилген.
Ачылыш аземге Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев онлайн форматта катышкан. Ал эми жеринде президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, жергиликтүү жетекчилер жана чек арачылар катышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: чек ара