Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталат
Кыргызстандын Жапониядагы туризм элчиси дайындалды
28.09.2026 | 11:56

Йошида Кейго Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Жапониядагы коомдук өкүлү — «Кыргыз Республикасынын Туризм элчиси» болуп дайындалды. Бул чечим Жапонияда эки өлкөнүн туризм жана ишкердик жаатындагы кызматташтыгына арналган жолугушууда кабыл алынган.
Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин маалыматында, Йошида Кейгого Кыргызстандын туристтик дараметин Жапонияда жана эл аралык аренада илгерилетүү милдети жүктөлдү.
Анын иши Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө, туризм тармагына инвестиция тартууга жана эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын бекемдөөгө багытталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом