Кыргызстан биринчи улуттук спутнигин орбитага чыгарды

Кечээ, 1-октябрда АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космостук күчтөрүнүн базасынан Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасынын жардамы менен орбитага чыгарылды.
Спутникти учуруу аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбаев, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдиль Байсалов жана башка расмий өкүлдөр катышты.
Спутниктик технологиялар Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Алынган маалыматтар айыл чарба жерлерин жана жайыттарды, суу объектилерин жана мөңгүлөрдү, токойлорду жана жаратылыш экосистемаларын, ошондой эле жер ресурстарын жана жалпы айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө үчүн колдонулат.
Мындан тышкары, спутниктен алынган маалыматтар кургакчылык, суу ташкыны, жер көчкү, сел жана токой өрттөрү сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын коркунучун алдын ала аныктоого, ошондой эле пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алууну жана таштандыларды уруксатсыз жайгаштырган жерлерди көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Келечекте бул маалыматтар мамлекеттик санариптик системалар менен интеграцияланат. Бул башкаруу чечимдерин так жана натыйжалуу кабыл алуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.