Батукаевдин иши боюнча соттук жыйын уланат

Батукаевдин иши боюнча соттук жыйын уланат

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук жыйын уланат.

15-октябрга белгиленген соттук жыйынга мурдагы президент Атамбаев алынып келинбегендиктен соттук жыйын анын катышуусуз өттү.

Кечээки отурумда сот Алмазбек Атамбаев менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин баш крогоо чарасын карап, аны өзгөртүүсүз калтырган.

Атамбаев бул иште негизги айыпталуучу болгон 4 адамдын бири. Мурдагы президенттен сырткары 3 адамга “Коррупция” беренеси менен айып тагылган. Алар Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Ал эми 14 адам тергөө менен кызматташуу үчүн келишим түзгөнү үчүн, аларга башка айып тагылышы мүмкүн.

Шектүүлөрдүн ичинен Бусурманкул Табалдиев Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>