Ашууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдө

29.10.2026 | 13:33
Ашууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдө — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 29-октябрда, таңга маал Бишкек — Ош автожолунун 125–139-чакырымдар аралыгында кар жаады. Транспорт министрлигинин маалыматында, жолго кум-туз аралашмасы себилди. Учурда кар токтоп, унаа жол ачык.

Мындан тышкары министрлик Ош — Сары-Таш — Эркештам автожолунун Талдык жана Тоңмурун ашууларында кар жаап жатканын маалымдады. Бул тилкелерде №960 Жол тейлөө мекемеси инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Мекеме тоолуу аймактарда тайгак болушу мүмкүндүгүн эскертип, айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга, аралыкты жана ылдамдык эрежелерин сактоого чакырды.

Scroll to Top