Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрө турган комплекс курулууда

Чүйдүн Кемин районунда «Агро Куш Кемин» өндүрүштүк комплексинин курулушу жүрүүдө. Ишкана толук ишке киргенде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Учурда долбоор боюна инкубаторий, тоок өстүрүүчү аянттар, саатына 30 тонна тоют чыгаруучу завод жана 3,3 миң тонна продукция сактоочу муздаткыч кампа курулуп жатат.
Министрликтин маалыматында, ишкана иштеп баштаганда комбикорм өндүрүүнүн көлөмү 115 миң тоннага жетет. Ошондой эле ишкана тарабынан фермерлерден жыл сайын 78 миң тоннадан ашык жүгөрү жана буудай сатып алуу пландалган.
5-августта айыл чарба министри Эрлист Акунбеков комплекстин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анын айтымында, бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, импортту алмаштырууга жана фермерлер үчүн рынок түзүүгө багытталган.