Базардан коркутуп буюмдарын тартып алган жаран кармалды

Базардан коркутуп буюмдарын тартып алган жаран кармалды

2021-жылдын август айында Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургунун тоноп  кеткен жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  баш калаанын базарларынын биринен жабырлануучунун жанына бир белгисиз жаран келип, физикалык күч колдоном деп коркутуп, 6000 сом акча каражатын, өздүк буюмдарын, анын ичинде документтерин тартып алган.

Жабырлануучу ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттер боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Ал мурда тоноочу менен тааныш болбогонун жана эч кандай байланышы жоктугун билдирген.

Бул факты аймактык милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Милициянын ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун аймагындагы айылдардын биринен шектүүнү кармашкан. Тоноого шектүү катары 1996-жылы туулган Талас облусунун тургуну 1996-жылы туулган М.М. кармалды. Жаран М.М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Бишкек шаардык милициянын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>