Кыргызстанда сүйүү күнүндө канча түгөй баш кошоору айтылды

Кыргызстанда сүйүү күнүндө канча түгөй баш кошоору айтылды

Кыргызстанда сүйүү күнүндө 177 түгөй баш кошууну пландоодо. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, быйыл эң кооз даталардын катарында 2022-жылдын 22-февралы болуп саналат.

«Ошондой эле бул айда 02.02.2022 жана 02.14.2022 – Валентин күнү сыяктуу даталар бар», — деп маалымдашты министрликтен.

2022-жылдын 2-февралына карата республика боюнча тогуз түгөй гана расмий түрдө баш кошушту.

2022-жылдын 22-февралында 95 түгөй нике күбөлүгүн алат.

Валентин күнү — 14.02.2022, 177 түгөй баш кошууну пландаштырууда.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, никеге турууга 30 күн калганга чейин арыз жазуу керек. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй жаш жубайлардын жашаган жерине карабастан каалаган калкты тейлөө борборлорунда каттоого туруп, нике күбөлүгүн алууга болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>