Мамлекеттик бажы кызматы июль айында 10,2 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Бажы кызматынан белгилешкендей, аталган сумма белгиленген пландан 1,1 млрд сомго көп.
Ошондой эле, 2022-жылдын июнь айына караганда бажы төлөмү 4,6 млрд сомго көп жыйналган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз