Бишкектин борборунда ок атылды. Эки шектүү камакка алынды

Бишкектин борборунда ок атылды. Эки шектүү камакка алынды

Бишкектин борборунда ок аткан окуяга байланыштуу эки жаран камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынапн билдиришти.

Маалым болгондой, 7-августта болжол менен саат 04:00до «102» кызматына Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ок атып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда аталган окуя боюнча шектүү катары 28 жаштагы А.Р, С.А. аттуу эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Милициядан белгилешкендей, А.Р. аттуу шектүү өз ыктыяры менен милицияга «ПМР 45 rubber» травматикалык тапанчасын жана үч патронду өткөрүп берген. Травматикалык тапанча боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Иликтөө иштери уланууда.

Бишкектин борборунда ок атылды. Милицияга 5 адам жеткирилди (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>