Кыргызстан жаңы коркунучтарга даярданышы керек — Таалайбек Ороскулов

Постсоветтик жана евразиялык мейкиндиктеги өлкөлөр маалыматтык таасир этүү боюнча батыш мамлекеттеринен артта калууда жана медиа чөйрөдө иштөөнүн жаңы куралдарын издөөгө муктаж. Бул тууралуу медиаэксперт Таалайбек Ороскулов 8-июнда эл аралык кырдаалга жана анын Борбордук Азия аймагына тийгизген таасирине арналган «Каршылык көрсөтүү идеяларынын уландысы жана адилеттүү дүйнөлүк тартип: эмне үчүн АКШ жана Израиль Иранга каршы согушта жеңилди» аттуу тегерек столдо сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, заманбап маалымат талаасында атаандашуу үчүн ЖМКлардын (жалпыга маалымдоо каражаттарынын) салттуу куралдары жетишсиз болуп калды.
Ыктымал чечимдердин бири катары ал жаңы технологиялык ыкмаларды, анын ичинде тышкы маалыматтык басымды азайта турган «маалыматтык дрондор тобу» концепциясын колдонууну сунуштады.
Анын билдирүүсүнүн өзүнчө бир бөлүгү энергетикалык коопсуздук маселелерине арналды. Эксперт белгилегендей, заманбап эл аралык кагылышуулар барган сайын ресурстар үчүн күрөш менен байланышып, тирешүү жүрүп жаткан аймактардан алыс жактарга да өз таасирин тийгизүүдө.
Мисал катары Ороскулов энергетикалык базарлардын тегерегиндеги кырдаалды келтирип, туруксуздук башка мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да товарлардын баасына жана инфляциянын деңгээлине таасир этиши мүмкүн деген пикирин билдирди. Эксперттин баамында, глобалдуу өз ара байланыш шарттарында кагылышуулардын кесепеттери географиялык жайгашуусуна карабастан, дүйнөлүк экономиканын дээрлик бардык катышуучуларына тиешелүү болот.
Ал критикалык маанилүү инфраструктураны коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурду.
Анын айтымында, акыркы жылдардагы окуялар көрсөткөндөй, салыштырмалуу арзан учкучсуз технологиялар кымбат баалуу энергетикалык объектилерге, анын ичинде электр өткөргүч линияларына, мунай сактоочу жайларга жана энергосистемалардын башка элементтерине коркунуч жаратышы мүмкүн.
Буга байланыштуу Ороскулов энергообъектилерди коргоо маселелерине, абадан коргонуу жана дрондорго каршы системаларды өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурууга, ошондой эле инфраструктураны долбоорлоодо жаңы тобокелдиктерди эске алууга чакырды. Мисал катары ал жакында эле Бишкектин айрым бөлүктөрүндө жарыктын өчүп калышын эске салып, атүгүл жергиликтүү деңгээлдеги мындай окуялар да энергосистемалардын тышкы таасирлерге алсыздыгын көрсөтүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, ал аймактагы атомдук энергетиканын өнүгүшүнө көңүл буруп, Өзбекстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу долбоорун ишке ашыруу башталганын эске салды. Бул жаңы объектилер ар кандай коркунучтарды, анын ичинде учкучсуз аппараттардан (УУА) келүүчү коркунучтарды эске алуу менен курулушу керектигин баса белгиледи Ороскулов.
Ошондой эле, эксперт заманбап кагылышуулар барган сайын кеңири цивилизациялык тирешүүнүн белгилерине ээ болуп, аскердик жана экономикалык тармактарда гана эмес, идеология жана маалыматтык таасир этүү чөйрөсүндөгү атаандаштык менен коштолуп жатат деген пикирин билдирди.
Анын айтымында, аймактын мамлекеттери болуп жаткан процесстерди эске алып, коомдун туруктуулугун камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана өздөрүнүн өнүгүү стратегиясын бекемдөө үчүн узак мөөнөттүү ыкмаларды иштеп чыгуусу зарыл.
Анара Мамытова