Жашагым келбей калды. Жаш кыз көлгө боюн таштады (ВИДЕО)

Жашагым келбей калды. Жаш кыз көлгө боюн таштады (ВИДЕО)

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында милициянын аймактык ыйгарым кызматкери, өзүнүн өмүрүнө кол салып, көлгө секирип түшкөн кызды куткарып калууга жетишти. Бул туурасында жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 2-февраль күнү жергиликтүү тургундан билдирүү түшүп, анда көлдүн пирсинде белгисиз кыз, кыязы, сууга секирүүгө аракет көрүп жаткандыгын билдирген.

Нөөмөт кызматынын кызматкерлери, дароо окуя болгон жерге милициянын жакынкы нарядтарын жиберишет. Окуя болгон жерге биринчилерден болуп, өзүнүн кесиптештери менен Балыкчы шаардык милициянын аймактык ыйгарым кызматкери Амантур Бакиров келет. Убакытты текке кетирбей, ал кызды сөзгө тартып, ойлонбогон кадамынан баш тартууну суранат. Бирок, сөзгө көнбөгөн кыз муздак сууга секирет, кызды сактап калуу үчүн милиция кызматкери дароо анын артынан көлгө чумкуйт. Анын жанына сүзүп келип, кызды жээке чыгарууга үлгүрөт. Андан кийин милиция кызматкерлери кызга биринчи жардамды көрсөтүшүп, аны ооруканага жеткиришет.

 

Учурда, кыздын ден-соолугуна коркунуч жок жана бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>