Казиного кирген кыргыз жарандарына канча айып салынат?

Казиного кирген кыргыз жарандарына канча айып салынат?

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин депутаттары казинону мыйзамдаштыруу маселесин талкуулап жатышат.

Жыйында депутат Жанар Акаев чет элдик жарандар үчүн ачыла турган казиного кыргыз жарандары кирсе, кандай чара көрүлөрүнө кызыкты.

Бюджетке акча керек экенин биз түшүнүп турабыз. Быйыл 1-апрелден баштап 309 миң социалдык кызматкердин айлыгы көтөрүлдү. Буга министрлер кабинети 26 млрд сом кошумча акча жумшады. Лицензияларды алгандан кийин казинолор ачылса, кыргыз жаранын казино иштетип жаткан адамдар киргизсе, ага кандай жаза каралган?”, — деп сурады депутат ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиевден.

Өз кезегинде ал: “Бул иш Каржылык көзөмөлдөө кызматы менен бирге жүргүзүлөт. Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөндөй, чет элдик жарандарга деп ачылган казиного кыргыз жарандары кирсе аларга 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салынат”, — деп жооп берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: казино

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>