Бекешев: дарыгерлерди мажбурлап кечирим суратууга УКМКнын укугу жок

Бекешев: дарыгерлерди мажбурлап кечирим суратууга УКМКнын укугу жок

Коргоочу каражаттар жетишсиз экенин айтып чыккан дарыгерлерди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коомчулук алдында кечирим суратып, аларды кордоп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.

“Мен эртең Башкы прокуратурага кат жолдойм. Алар УКМКнын иш аракетин көзөмөлдөөгө милдеттүү. УКМКда карапайым  адамдарды, өзгөчө дарыгерлерди жажбурлап коомчулуктан кечирим суратуу боюнча укугу жок. Мындай ишмаракеттер аркылуу  бийлик коргоочу каражаттар жетишсиз экендигин чечпестен, маалыматты жашырып жатышат”, — деп жазган Бекешев.

Белгилей кестек, Ысык Ата районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Бектур аттуу кызматкери  «Твиттердеги» баракчасына дарыгерлерге коргоочу каражаттар жетишсиз экенин жана транспорт менен камсыз болбогонун жазган. Көп өтпөй анын баракчасы өчүрүлүп, өзү видео кайрылуу аркылуу жазгандарын төгүндөп, элден кечирим сураган.

13-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, көйгөйдү айтып чыккан дарыгерлерди кечирим суратуу туура эмес экендигин айтты.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 419 адамга жетти. Алардын ичинен 5 киши каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын ичинен 79 бейтап медицина кызматкерлери.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>