Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Лейлек районунда чек арачылар 31 баш койду аткезчилик жол менен алып өтүүгө бөгөт коюшту
29.05.2026 | 15:25

Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери малды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүү аракетинин алдын алышты. Окуя 28-майда Талпак жерлигинде болгонун бүгүн КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Кызмат өтөө учурунда чек ара кезмети эки белгисиз адам чек араны көздөй айдап бара жаткан 31 баш майда жандыкты байкаган. Мамлекеттик чек ара сызыгына 150 метрдей калганда аскер кызматкерлерин көрүп калган мал айдап бараткандар жаныбарларды таштап, окуя болгон жерден качып кетишкен.
Кармалган койлор укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда малдын ээлерин аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, ошондой эле жаныбарларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин бардык жагдайлары такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика