Көңүл бургула! 1-июндан тарта ЖКЭ бузууларды жаңы көчмө аппараттар (треногалар) каттай баштайт

30.05.2026 | 12:54
1-июндан тарта Кыргызстан боюнча ЖКЭ бузууларды каттаган жаңы АПКлар иштеп жатат

1-июндан тарта Кыргызстандын бардык аймактарында жол кыймылынын эрежелерин (ЖКЭ) бузууну каттаган жаңы автоматташтырылган комплекстер иштей баштайт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматы боюнча, жол эрежелерин бузууну аныктоого багытталган автоматташтырылган программалык-аппараттык комплекс (АПК) Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан. Ал ИИМдин ЖКККББга караштуу «Техникалык багыттагы борбор» мамлекеттик ишканасына колдонууга берилди.

Комплекс сыноодон ийгиликтүү өткөнү жана төмөнкү эреже бузууларды автоматтык түрдө каттоого жөндөмдүү экени белгиленди:

  • белгиленген ылдамдыктан ашуу;
  • коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу;
  • унаа башкарып бара жатканда уюлдук телефон колдонуу;
  • каршы тилкеге чыгуу.

1-июндан тарта комплекстер республиканын бардык аймагында толук кандуу иш режиминде пайдаланууга берилет.

Заманбап технологияларды киргизүү айдоочулардын тартибин жогорулатууга, жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга жана жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактоого багытталган.

ЖКККББ жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого жана жолдордо өтө кунт коюп болууга чакырат.

Scroll to Top