РКӨФ Оштогу жаңы төрт жылдыздуу мейманканага 1,8 млн доллар инвестиция салат

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Оштун борборундагы жаңы төрт жылдыздуу мейманкананын курулушун бүтүрүүнү жана техникалык жабдууну каржылайт. Долбоорду ишке ашырууга 1,8 миллион доллар багытталат.
Мейманкана комплексинин жалпы аянты 2 800 чарчы метрди түзөт. Долбоордо 54 номерди, ресторандарды, заманбап SPA-зонаны, конференция залдарды жасалгалоо жана коноктор үчүн инклюзивдик чөйрө түзүү каралган.
РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков белгилегендей, туристтик потенциалды өнүктүрүү жана республикага келген коноктордун агымын көбөйтүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.
«Жакында Президент Садыр Жапаров Ош облусуна жумушчу сапары менен барып, ал жерде социалдык инфраструктура тармагындагы ири долбоорлорго старт берилди. Туристтик потенциалды өнүктүрүү жана республикага коноктордун агымын көбөйтүү — бул бүгүнкү күндө жаңы дем алган артыкчылыктуу багыттар», — деди Новиков.
Долбоор аймактын өнүгүшүнө олуттуу социалдык-экономикалык таасирин тийгизери күтүлүүдө. Жасалгалоо иштеринин этабында буга чейин 50дөн ашык адис тартылган, ал эми объект пайдаланууга берилгенден кийин 50 туруктуу жумуш орду түзүлөт.